Редакцияот 25.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин 2-чакырылышынын кезексиз

5-сессиясы

 

2025-жылдын 25-февралы  №5-10

 

Араван РИИБдин башчысы милициянын полковниги Кубатбеков Уланбек Жыргалбаевичдин сунушу, ар түрдүү көйгөйлөрдүн алдын алуу максатында жолдорго 6 жерге онлайн видео камера орнотуп берүүнү суранганы жөнүндө

 

          Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында Араван РИИБдин башчысы милициянын полковниги Кубатбеков Уланбек Жыргалбаевичдин   сунушу, ар түрдүү көйгөйлөрдүн алдын алуу максатында жолдорго 6 жерге онлайн видео камера орнотуп берүүнү суранганы боюнча угуп, таанышып депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Дөбө-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин 

II-чакырылышынын кезексиз  5-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында Элдин коопсуздугун алдын алуу максатында 6 жерге онлайн видео камера орнотууга макулдук берилсин.

2.Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн аймагында 6 жерге онлайн видео камера орнотууга бюджеттен акча каражаттары бөлүнсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Акуловго айылдык кеңешинин социалдык маселеси боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. 

Төрага:

 А. Сатвалдиев