Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-апрели №7-5
Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн Беш-Кабырга, Бостон, Япчан, Жар-Кыштак жана Ак-Тилек айылдарынын башкы планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жыл 20-октябрь №123 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүмүнүн негизинде Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн орун басары жана жооптуу катчысы У.Кадыров берген маалыматтарын угуп, талкуулап чыгып, Дөбө-Коргон аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дөбө-Коргон айыл аймагынын Беш-Кабыра, Бостон, Япчан, Жар-Кыштак жана Ак-Тилек айылдарынын башкы пландары бекитилсин.
2. Башкы планды иштеп чыгууга бөлүнгөн 5185800(беш миллион бир жүз сексен беш миң сегиз жүз) сом акча каражатын туура сарптап пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Акуловкө жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Абдулхакимов тапшырылсын.
Төрага: | А. Сатвалдиев |