Загрузка документа…
ДӨБӨ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 25-апрели №7-6
Тепе-Коргон айылындагы М.Умаров көчөсү №311 а1 дарегинде жайгашкан жеке менчик 82,60 чарчы метр турак жай багытындагы жер тилкесинин багытын коммерциялык багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызын кароо жөнүндө
Тепе-Коргон айылынын М.Умаров көчөсүнүн тургуну Мансуров Анварбек М.Умаров көчөсү № 311 а1дарегинде жайгашкан жеке менчик 82,60 чарчы метр турак жай багытындагы жер тилкесинин багытын коммерциялык багытына өзгөртүп берүүгө макулдук сурап жазган арызы боюнча топтолгон юридикалык документтери каралып чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жер кодекси”, “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоо жана курууга башка өзгөртүү киргизүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана пайдаланууга киргизилүүчү курулуп бүткөн обьекттердин ылайыктуулугун баалоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” 6-август 2021-жылдын №114-токтомун жетекчиликке алып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Дөбө-Коргон айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Тепе-Коргон айылынын М.Умаров көчөсүнүн тургуну Мансуров Анварбек М.Умаров көчөсү № 311 а1 дарегинде жайгашкан жеке менчик 82,60 чарчы метр турак жай багытындагы жер тилкесинин багытын коммерциялык багытына өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2.Тепе-Коргон айылынын М.Умаров көчөсүнүн тургуну Мансуров Анварбек М.Умаров көчөсү № 311 а1 дарегинде жайгашкан жеке менчик 82,60 чарчы метр турак жай багытындагы жер тилкесин коммерциялык багытына өзгөртүп берүүдө Дөбө-Коргон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттарын жөнгө салуу боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосунда каралып, айыл өкмөтү тарабынан архитектуралык-пландаштыруу, курулуш, экологиялык, санитардык-гигиеналык, өрткө каршы жана башка атайын талаптарды (ченемдерди, эрежелерди, нормативдерди) сактоо менен, белгиленген тартипте жер участогунун максаттуу багытына каршы келбеген учурда жер тилкесинин багытын өзгөртүрүп берүү жагы сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
Төрага: | А. Сатвалдиев |