Редакцияот 27.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГАВРИЛОВКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

XXVIII чакырылыштын 12 (кезектүү) сессиясы

 

2023-жылдын 27-январы № 5

Гавриловка айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, архитектура, айыл чарба, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын АЖМФнун жерлерин пайдаланууда ижара баасынын өлчөмү жөнүндө чечимин бекитүү

Гавриловка айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси М.М.Кашаповдун Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун (АЖМФ) жерлеринин ижара баасынын өлчөмү боюнча Гавриловка айылдык кеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, архитектура, айыл чарба, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Гавриловка айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин (АЖМФ) “КОСС” айыл чарба колхозуна ижарага берүү баасынын өлчөмү 3000 сомдон бекитилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Гавриловка айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси М.М.Кашаповго жүктөлсүн.

Төрага

 

А.Т.Ибраимов