Редакцияот 14.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН 8-ЧАКЫРЫЛЫШЫШТАГЫ БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН № 20 КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫНЫН

 

 

2023-жылдын 14-февралындагы № 20

 

 

“Байзак айыл аймагын көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо эрежелери” жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин, милдеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27 жана34-беренелерине ылайык, Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча көрктөндүрүү, жашылдандыруу, тазалыкты жана тартипти сактоо чаралары жөнүндөгү сунушу боюнча Байзак айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

1. Байзак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү маанидеги “тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып чыгарууну жана чыгарууну уюштуруу” маселесин чечүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмеси 1-тиркемеге жана Байзак айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 383 буйргунун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттодон өткөрүлүп www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Бул токтомду мыйзамдаштыруу жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сагынбековго милдеттендирилсин.

 

 

Байзак айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрайымы:

 

 

М. Молдалиева