БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ДЕПУТАТТАРДЫН 8-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН № 21 КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫНЫН
2023-жылдын 24-февралындагы № 21/1
Байзак айыл аймагынын 2022-жылдын бюджетинин аткарылышы 2023-жылга карата “Таза Кайырма” муниципалдык ишканасынын кызматкереринин айлык акысын бекитүү жөнүндө
Байзак айыл аймагынын 2022-жылдын бюджетинин аткарылышы, 2023-жылга карата “Таза Кайырма” муниципалдык ишканасынын кызматкерлеринин айлык акысын бекитүүгө Байзак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байзак айыл аймагындагы “Таза Кайырма” муниципалдык ишканасынын бир жылдык айлык акысы 633600 сом өлчөмүндө, бир жылдык соц фондго чегерилгени 104924,16 жалпы суммасы бир жылда 732991 сомго дайындалды.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттодон өткөрүлүп www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомду мыйзамдаштыруу жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сагынбековго милдеттендирилсин.
Байзак айыл аймагынын айылдык кеңештин төрайымы: |
|
М. Молдалиева. |