Редакцияот 17.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН 8-ЧАКЫРЫЛЫШЫНДАГЫ БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН № 23 КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫНЫН

 

 

2023-жылдын 17-апрелиндеги № 23

 

 

Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча план киргизүү жөнүндө

 

Байзак айыл өкмөтүнүн атайын каражатынын киреше жана чыгаша бөлугүнө кошумча план киргизүү жөнүндө Айыл өкмөт башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:

1. Айыл аймагында өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп жаткан көмүр казуучу ишканалар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде ар жылы төлөнүүчү жана Байзак айыл аймагында жайгашкан мекемелерден ижарага берилген бөлмөлөр үчүн ар жылкы төлөмдөрдөн түшүүчү төмөндөгү акча каражаттары айыл өкмөттүн атайын каражатынын киреше жана чыгаша бөлүкөрүнүн эсебине кошумча планга киргизилсин.

·         ГП “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан 2023-жыл үчүн 1000,0 миң сом,

2. Айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы атайын каражатына түшүүчү каражаттары төмөндөгүдөй тартипте бөлүнсүн.

·         Айыл аймагындагы “А.Молдокеев” атындагы орто мектебинин чатырын ондоого 500,0 миң сом,

·         Байзак айыл тургундары үчүн инклюзивдик эс алуучу борборуна 100,0 миң сом,

·         Байзак аялдар кеңешинин төрайымы А.Аблабековага “Шайыр апалар” тобуна атайын форма алууга, Энелер күнүнө карата майрамдык кече уюштуруп өткөрүүгө жана энелерди сыйлоого 100,0 миң сом,

·         Айыл аймагындагы жаны курулган балдар оюн аянтчасынын инфраструктурасын жакшыртып өнүктүрүүгө 300,0 миң сом,

3. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4. Бул токтомду мыйзамдаштыруу жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сагынбековго милдеттендирилсин.

 

 

Байзак айыл аймагынын

айылдык кенешинин төрайымы:

 

 

М. Молдалиева