БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН 8-ЧАКЫРЫЛЫШЫНДАГЫ БАЙЗАК АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН № 23 КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫНЫН
2023-жылдын 17-апрелиндеги № 23/2
Кыргыз Республикасынын Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун 174-500 чакырымындагы №2651 контурундагы Байзак айыл аймагына тиешелүү жайыт жерине чечим чыгарып мыйзамдаштырып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун 174-500 чакырымындагы №2651 контурундагы Байзак айыл аймагына тиешелүү жайыт жерине чечим чыгарып мыйзамдаштырып берүү жөнүндө Байзак айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Чайна Роуд энд бридж жол куруу ишканасына Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун 174-500 чакырымындагы Байзак айыл аймагына тиешелүү №2651 контурундагы жайыт жеринен кум шагыл алып пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтү менен Чайна Роуд энд бридж жол куруу ишканасынын ортосундагы 08.01.2020-жылда түзүлгөн №1 келишимдин айрым пунктарына өзгөртүү киргизилсин.
3. Түндүк-Түштүк альтернативдик автожолунун 174-500 чакырымындагы Байзак айыл аймагына тиешелүү №2651 контурундагы жайыт жерине мыйзамдаштырып чечим чыгарып берүү жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сагынбековго милдеттендирилсин
5. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Бул токтомду мыйзамдаштыруу жагы Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Сагынбековго милдеттендирилсин.
Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин төрайымы: |
|
М. Молдалиева |