Редакцияот 14.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2025-жылдын 14-октябры № 213

 

Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу макулдашууга карата жаңыланган Протоколду ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене

Кыргыз Республикасы менен Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин ортосундагы Ядролук куралды жайылтпоо жөнүндө келишимге байланыштуу кепилдиктерди колдонуу тууралуу макулдашууга карата жаңыланган Протокол ратификациялансын.

2-берене

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Протоколдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттикке белгиленген тартипте кабарласын.

3-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 17-октябрындагы № 79 (3735) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

С.Н. Жапаров

 

 

 

2025-жылдын 17-сентябрында

 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеңеши кабыл алган