Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезекзис VII сессиясы
2025-жылдын 5-августундагы №1
«Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө кызматтык автоунаа алуу жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Турдалиевдин 2025-жылдын 05-августундагы №01-19/2503 чыгыш сандуу кайрылуусун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 25-июлундагы №20-7954 сандуу тапшырмасын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-июлундагы №633-т тескемесинин 2-пунктуна ылайык таанышып жана талкуулап, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө “Мамлекеттик лизинг компаниясы” тарабынан лизинг аркылуу кызматтык автоунаа “Шевролет треккер” алынсын.
2. Алынган кызматтык автоунааны лизингдин бүткүл мезгилине камсыздандыруусу жана лизингке алынган автоунаа каражаттарын мамлекеттик каттоо боюнча чыгымдарына тиешелүү акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралсын.
3. Кызматтык автоунаанын төлөмдөрүн 5 (беш) жыл аралыгында төлөө жагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төлөнүп берилсин.
4. “Мамлекеттик лизинг компаниясы” ачык акционердик коому менен лизинг келишимине жана келишимде келип чыгуучу башка документтерге кол коюу укугу менен мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Турдалиевге жана каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы М.Ташбаевге тапшырылсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.М.Козубаев |