Редакцияот 07.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз II-сессиясы

 

 

2023-жылдын 7-июлу № 2/1

 

Айылдык кеңештин РЕГЛАМЕНТИН бекитүү тууралуу

 

Айылдык кеңештин типтүү РЕГЛАМЕНТИН угуп жана талкуулап КРнын 2011-жылдын 15-июлундагы «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» № 101-мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 11-пунктчасына ылайык Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Байзак айыл аймагынын айылдык кеңешинин Регламенти жактырылсын жана бекитилсин.(регламент тиркелет)

2. Регламентти негиз кылып иш алып баруу жагы айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байзак айылдык кенешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

4. Ушул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин

 

 

Байзак айыл аймагынын

айылдык кенешинин төрагасы:

 

 

А.К. Ажыгулов