Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезекзис VI сессиясы
2025-жылдын 14-июлундагы №2
«Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетиндеги акча каражаттарын беренелерге жылдырып берүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Турдалиевдин 14.07.2025-жылдагы №01-19/2239 чыгыш сандуу катынын негизинде жазылган Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетиндеги акча каражаттарын беренелерге жылдырып берүү боюнча кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылга карата социалдык-экономикалык программада бекитилген, Айгыр-Жал айылына негизги жолдун жээгине тротуар салуу үчүн каралган 26 125 900 (жыйырма алты миллин бир жүз жыйырма беш миң тогуз жүз) сом акча каражатынын эсебинен төмөнкү жумуштарга, “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасына субсидия катары которулуп берилсин;
- Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнө караштуу Айгыр-Жал айылындагы негизги жолдун жээгин инфраструктурага даярдоого тротуардын негизги жер жумуштарын жасоого “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасы өз техникалары менен жасоого, 9 213 600 (тогуз миллион эки жүз он үч миң алты жүз) сом акча каражаты,
- Каныш-Кыя айылындагы Кайың-Суу каналын капиталдык ремонттон
өткөрүүгө болжолдуу түзүлгөн сметага ылайык, 10 886 000 (он миллион сегиз
жүз сексен алты миң) сом акча каражаты,
- Кайың-Суу айылындагы жана “Шамалдуу-Сай” участкасындагы курулган таза
сууга кошумча 4,7 чакырымга негизги суу түтүкчөсүн тартууга 3 286 000 (үч
миллион эки жүз сексен алты миң) сом акча каражаты,
- Коргон-Сай айылындагы курулган таза суунун негизги суу түтүкчөсүн жерин
казуу жана жол салуу иштерине 2 740 300 (эки миллион жети жүз кырк миң үч
жүз) сом акча каражаты,
2. Ошондой эле Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жер-Капчыгай айылынын ылдыйкы бөлүгүнө жана Кара-Булак айылынын Кормоцех участкасынын жогорку бөлүгүнө кошумча таза суу тартууга каралган 3 000 000 (үч миллион) сом акча каражаты, “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасына субсидия катары которуп берилсин,
3. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын Б.Турдалиевдин 14.07.2025-жылдагы №01-19/2239 чыгыш сандуу катынын негизинде Айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын 3111 беренесиндеги айыл өкмөтүнүн канторасын реконструкциялоого бөлүнгөн 5 000 000 (беш миллион) сом акча каражатынан 3 000 000 (үч миллион) сом акча каражатын курулуучу курулуштардын долбоор сметасын даярдоого 22154900 беренесине жылдырууга, ал эми 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн ички арык каналдарын казуу жумуштарына күйүүчү май (солярка) сатып алууга 31211210 беренесине жылдырууга уруксат берилсин.
4. Айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын 22154900 беренесиндеги айыл өкмөтүнө муниципалдык ГЭС салуунун Техникалык экономикалык негиздемесин түзүүгө бөлүнгөн 15 000 000 (он беш миллион) сом акча каражатынан, райондук оруукана (комплексный) курууга 3111 сататьясына 10 000 000 (он миллион) сом акча каражатын жылдырып берилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Мыйзамдуулугун карап, тиешелүү компетенттүү органдар менен биргеликте иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Турдалиевге тапшырылсын.
Төрага |
М.М.Козубаев |