Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезекзис VI сессиясы
2025-жылдын 14-июлундагы №3
«Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 6 айына карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрүнө киргизилген өзгөртүүлөр жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Турдалиевдин 14.07.2025-жылдагы №01-19/2238 чыгыш сандуу Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Чаткал финансы башкармалыгы тарабынан айыл Өкмөтүнүн 2025-жылдын 6 айына карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрүнө киргизилген өзгөртүүлөр боюнча айыл Өкмөтүнүн 2025-жылдын 6 айына карата жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү киргизип берүү боюнча жазган катын жана бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына 14.07.2025-жылдагы №4 маалым каты менен таанышып жана талкуулап, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл Өкмөтүнүн 2025-жылдын 6 айына карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрүнөн 27 222 000 (жыйырма жети миллион эки жүз жыйырма эки миң) сом акча каражаты пландан кыскартылсын жана 5 491 100 (беш миллион төрт жүз токсон бир миң бир жүз) сом акча каражатына кошумча план берилсин.
2. Жогорудагы кыскартылган пландан кошумча берилген планды кыскарткандагы калган 21 730 900 (жыйырма бир миллион жети жүз отуз миң тогуз жүз) сом акча каражаты айыл Өкмөтүнүн 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн социалдык экономикалык иш планында каралган төмөнкү жумуштарынан кыскартылсын;
3. -Кара-Булак айылына жабык кичи фудбол аянтчасын куруу учун каралган акча каражатынынан 10 000 000 (он миллион) сом.
-Каныш-Кыя айыл аймагынын Башкы-Терек айылына саатына 750-1000 кг чейин ун чыгаруучу тегирмен сатып алып куруунун акча каражатынан 5 730 900 (беш миллион жети жүз отуз миң тогуз жүз) сом.
-Жер-Капчыгай жана Кара-Булак айылдарынын ортосундагы 1 км жолго көчө жарыгын орнотууга жана Каныш-Кыя айыл аймагындагы көчө жарыктарын оңдоп-түзөөдөн өткөрүүгө каралган акча каражатынан 6 000 000 (алты миллион) сом.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Мыйзамдуулугун карап, иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Турдалиевге жана каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы М.Ташбаевге тапшырылсын.
Төрага |
М.М.Козубаев |