Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезекзис VI сессиясы
2025-жылдын 14-июлундагы №4
«Муниципалдык менчиктеги имаратты ижарага берүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Турдалиевдин 04.07.2025-жылдагы №01-19/2113 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансындагы имараттын эки бөлмөсүн жеке ишкер Д.Мунарбаевага ижарага берүүдө 20.02.2024-жылдагы №7 сандуу эки тараптуу келишимде көрсөтүлгөн 20.02.2024-жылдан 01.08.2025-жылга чейин айына 10 000 (он миң) сом акча каражатын төлөөтүү боюнча жазган катын “Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 4-бөлүгүнүн 15-беренсине ылайык, бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын 14.07.2025-жылдагы №5 маалым каты менен таанышып жана талкуулап, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 4-бөлүгүнүн 15-статиясына ылайык, бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын 14.07.2025-жылдагы №5 маалым катынын негизинде Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансындагы Т.Айдаров көчөсүндө жайгашкан имараттын эки бөлмөсүн 20.02.2024-жылы эки тараптуу түзүлгөн №7 келишимдин негизинде 2024-жылдын 01-февралынан 2025-жылдын 01-августуна чейин ай сайын 10 000 (он миң) сомдон алынсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Мыйзамдуулугун карап, иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Турдалиевге, каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы М.Ташбаевге тапшырылсын.
Төрага |
М.М.Козубаев |