Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезекзис VI сессиясы
2025-жылдын 14-июлундагы №5
«Кошумча түшкөн акча каражаттарына кошумча план алуу жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Турдалиевдин 11.07.2025-жылдагы №01-18/2193 чыгыш сандуу кайрылуусу жана бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын 14.07.2025-жылдагы №6 маалым каты менен таанышып жана талкуулап, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсеп счетуна пландан ашыкча аткарылган 2 300 000 (эки миллион үч жүз миң) сом акча каражатын билим берүү тармагынын атайын каражаттар эсеп счетунун киреше бөлүгүнө кошумча план алуу жагы суралсын.
2. Суралган кошумча план Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу бала бакчалардын тамак ашына жумшалсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн. Мыйзамдуулугун карап, иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.А.Турдалиевге, каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы М.Ташбаевге тапшырылсын.
Төрага |
М.М.Козубаев |