Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезекзис VIII сессиясы
2025-жылдын 28-августундагы №1
«Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик
курамын толуктап бекитүү жөнүндө»
Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Н.Алибекованын 18.08.2025-жылдагы №01-04/14 чыгыш сандуу катынын негизинде аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамын толуктоо боюнча жарыя берилип, резервдик курамын толуктоо үчүн киргизилүүчү жарандардын тизмеси менен таанышып жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19- беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Чаткал аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамынын толуктоо боюнча тизмеси 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Чаткал аймактык комиссиясынын резервдик курамын толуктоо боюнча кабыл алынган документтерин Чааткал аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Н.Алибековага өткөрүп берүү жагы жооптуу катчы Н.Таласбаевага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын .
Төраганын орун басары
Б.Кутбидин уулу |