Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезекзис VIII сессиясы
2025-жылдын 28-августундагы №2
«Участкалык шайлоо комиссиясынын резервдик
курамын толуктап бекитүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн орун басар-жооптуу катчысы Г.С.Кыдыралиеванын 25.08.2025-жылдагы №01-19/2737 чыгыш сандуу участкалык шайлоо комиссияларынын резердик курамына толуктоо киргизүү үчүн жарандардын тизмесин бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусун, КР жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесинин 17-бөлүгүнө ылайык карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 19- беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамын толуктоо боюнча тизмеси 1-2-3-4-5-тиркемелерге ылайык бекитилсин.
2. Участкалык шайлоо комисияларынын резервдик курамын толуктоо боюнча кабыл алынган документтерин Чааткал аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Н.Алибековага өткөрүп берүү жагы жооптуу катчы Н.Таласбаевага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын .
Төраганын орун басары
Б.Кутбидин уулу |