Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-сентябрындагы №1
«Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жылдык планынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө план кошуп берүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Жумабекованын 19.09.2025-жылдагы №01-18/3129 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын жылдык планынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн планына кошумча план алуу боюнча жазган кайрылуусу, айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын №7 корутундусу менен таанышып жана талкуулап, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын жылдык планынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдүн планына 41 332 400 (кырк бир миллион үч жүз отуз эки миң төрт жүз) сом акча каражаты кошумча план алууга уруксат берилсин;
- 11320300 калктуу пунктардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык үчүн 8 803 600 (сегиз миллион сегиз жүз үч миң алты жүз) сом,
- 14151200 жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны сактоо үчүн төлөм 26 050 500 (жыйырма алты миллион элүү миң беш жүз) сом,
- 14152100 калктуу пунктарда жерди ижарага алуу акысы үчүн 3 497 200 (үч миллион төрт жүз токсон жети миң эки жүз) сом,
- 14152200 жайыт жерлери үчүн төлөм 2 971 100 (эки миллион тогуз жүз жетимиш бир миң бир жүз) сом,
2. Кошумча планга алынган акча каражатына мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага жана каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.М.Козубаев |