Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-сентябрындагы №2
«Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда жашаган аз камсыз болгон жарандарды медициналык камсыздандырууга жардам берүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 20.05.2025-жылдагы №01-19/1479 чыгыш сандуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2023-жылдын 21-сентябрындагы №493 токтомунун негизинде жарандарды медициналык санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасынын негизинде камсыздандырылбаган жашоо шарты оор жарандарга медициналык камсыздандыруудан өткөрүүгө акча каражатынан жардам берүү боюнча жазган кайрылуусу жана “Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын №3 протоколун менен таанышып жана талкуулап, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын 9 айынын жана жылдык планынан жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрүнөн ашыкча аткарылган 41 332 400 (кырк бир миллион үч жүз отуз эки миң төрт жүз) акча каражатынан Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардан турмуш шарты оор, аз камсыз болгон 69 (алтымыш тогуз) үй-бүлөгө ар бирине 1870 (бир миң сегиз жүз жетимиш) сомдон жалпы 129 030 (бир жүз жыйырма тогуз миң отуз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатына мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага жана каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.М.Козубаев |