Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-сентябрындагы №3
«Айылдардын башкы планын жасатууга уруксат берүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 18.06.2025-жылдагы №01-19/1844 чыгыш сандуу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдарга башкы план жасатууга уруксат берүү боюнча жазган кайрылуусу, “жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик” боюнча туруктуу комиссиянын №4 корутундусу менен таанышып жана талкуулап, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Чакмак-Суу, Башкы-Терек, Коргон-Сай, Кайың-Суу, Каныш-Кыя, Жер-Капчыгай, Кара-Булак, Айгыр-Жал жана Кара-Суу айылдарынын башкы планын жасатууга уруксат берилсин.
2. Башкы пландарды жасатууга керектүү акча каражатын которуп берүү каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго мыйзамдуулугун карап тиешелүү компетенттүү органдар менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага жана муниципалдык менчик, жер жана турак жай боюнча башкы адис И.Батырбековго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.М.Козубаев |