Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-сентябрындагы №4
«Долбоор сметаларды даярдоого уруксат берүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн, айыл тургундарынан келип түшкөн кайрылуулары жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын №7 корутундусу менен таанышып, депутат З.Ажыбековдун сунушун угуп жана талкуулап, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө карштуу муниципалдык менчиктеги төмөнкү имараттардын жана айыл тургундарынын кайрылуулары боюнча долбоор сметалар даярдалсын, керектүү акча каражаты 2025-жылдын 9 айынын жана жылдык планынан жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрүнөн ашыкча аткарылган 41 332 400 (кырк бир миллион үч жүз отуз эки миң төрт жүз) акча каражатынан бөлүнүп берилсин.
- “Чебурашка” мектепке чейинки билим берүү уюмунун 3-корпусуна жылуулук системасына, гигиеналык бөлмөсүнө (санузел) жана жалпы кир суулар төгүлүүчү септикке, жерди тегиздеп бетондоого,
- Жаңы-Базар айылындагы Т.Бектурганов маданият үйүнүн полун алмаштырууга, жылытуу системасын жасатууга, залдын отургучтарын жаңылоого,
- Коргон-Сай айылындагы ФАПка ажааткана курууга,
- Курулуш айылындагы кар көчкү кеткен 2 км жерге тосмо кылып тосуп берүүгө,
- Ак-Таш айылындагы “Жаш-Тилек” мектепке чейинки билим берүү уюмунун айланасын королоого, бурусчатка басууга, ажааткана салууга жана балдар ойноочу аянтчасын оңдоого,
- Айгыр-Жал айылындагы А.Мамадалиев атындагы айылдык маданият үйүнүн козерогун жылдыруу, электр чубалгыларын алмаштырууга, жылытуу системасына,
- Жаңы-Базар айылындагы “Байчечекей” мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратын 150 (жүз элүү) балага ылайыкташтырылган типтүү жаңы имарат салууга,
- Жер-Капчыгай айылындагы А.Баймырзаев атындагы орто мектептин имаратынын айланасын королоого,
- Каныш-Кыя айылындагы С.Байдөөлөтов атындагы инновациялык жалпы орто билим берүүчү мектебинин айланасын брусчаткалоо, мектептин сыртына жаңы түс берүү, мектептин айланасын королоо, спорт аянтчасын жаңылоого жана ажаатканасын курууга.
- Жаңы-Базар айылындагы “Алтын-Өрөөн” мектепке чейинки билим берүү уюмунун чатырын алмаштыруу, натяжной паталогун алмаштыруу, балдар ойноочу аянтчасынын үстүн жабуу, өрт гидранттын курдурууга,
- Жаңы-Базар айылындагы Т.Жаналиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин балансындагы эски имараттын айланасын тосууга.
- “Алтын-Бешик” мектепке чейинки билим берүү уюмунун балдар ойноочу аянтчасын курууга, айланасын стяжкалоого, мекеменин айланасын королоого,
- Кара-Суу айылындагы А.Айымбетов атындагы орто мектептин жылуулук системасын оңдоо үчүн от казан алууга,
- Айгыр-Жал айылындагы айылдык футбол аянчага күндөн энергия алуучу 15 (он беш) даана жарыктандыруу (прожектор) алууга,
- Каныш-Кыя айылындагы “Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюмунун айланасын королоого
2. Долбоор сметаларды даярдоого керектүү акча каражаты бөлүп берүүдө мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.М.Козубаев |