Редакцияот 31.07.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги III-сессиясы

 

 

2023-жылдын 31-июлу № 3/2

 

Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө кошумча план киргизүү жөнүндө

 

Байзак айыл өкмөтүнүн иш чаралары боюнча 2023-жылдын 6айынын жыйынтыгы менен өткөрүлгөн отчетунун протоколунун негизинде Байзак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча план киргизүү жөнүндө Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевдин жана Байзак айыл өкмөтүнүн социялдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Д.Бегалиевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Байзак айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Байзак айыл аймагындагы Кара-Кече усастогунда жайгашкан көмүр казуучу ишканалардан Байзак айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө түшүүчү каражатына 2023-жылга кошумча план киргизилсин

·         Роялтиге 1863,3 миң сом

·         Инфраструктураны өнүктүрүүгө 1936,7 миң сом.

·         Жалпы 3800,0 миң сом

2. Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин кошумча планда белгиленген каражаттар төмөндөгүдөй бөлүнсүн

·         Трассага камера орнотуу үчүн, 3112 беренесине 300,0 миң сом

·         ДЮСШга көмүркана салууга, 3111 беренесине 300,0 миң сом

·         Айыл өкмөттүн имаратына көмүр кана салууга 3111 беренесине 500,0 миң сом

·         Айыл өкмөттүн айлана тегерегин оңдоп түздөөгө 3111 беренесине 1000,0 миң сом

·         Мектептин орус тили кабинетине заманбап жабдууларды алууга 2222 беренесине 500,0 сом

·         Ауптун башка чыгымдары үчүн 2215 беренесине 183,0 миң сом

·         Мекемелерге көмүр отуналууга 2224 беренесине 317,0 миң сом

·         Погрузчикке 2 дөңгөлөк алууга 3112 беренесине 200,0 миң сом.

·         Жолдорго көпүрөгө турбаларды алууга 2222 беренесине 500,0 миң сом

3. Бул каражатты каралган багыттарга жараша киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасын түзүп Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Жумгал башкармалыгына тапшыруу жана каражатты максатуу пайдалануу Байзак айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Б.Жусуповго милдеттендирилсин.

4. Ушул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевге милдеттендирилсин.

 

 

Байзак айыл аймагынын

айылдык кенешинин төрагасы

 

 

А.К. Ажыгулов