Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-сентябрындагы №5
«Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоо жөнүндө»
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 24.09.2025-жылдагы №01-23/4813 чыгыш сандуу Айгыр-Жал, Каныш-Кыя айылдарынын мүмкүнчүлүгү чектелген тургундарына үй салууга акча каражатын бөлүп берүү боюнча жазган кайрылуусу, Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн18.09.2025-жылдагы №01-19/3114 чыгыш сандуу катынын 2-бөлүгүндө жазылган 04-11 аймактык калкты тейлөө борборунун имаратынын ичинен мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин жетекчисине кабинет бөлүп берүү боюнча тиешелүү акча каражаты, 11.07.2025-жылдагы №01-18/2202 жана 19.09.2025-жылдагы № 01-19/3115 чыгыш сандуу ар бир айылдын жаңы калктуу конуштарына элетр мамычаларын, электр чубалгыларын сатып алууга акча каражатын бөлүп берүү боюнча жазган кайрылуусу жана айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын №7 корутундусу менен таанышып жалпы депутаттардын сунушунун негизинде Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунуштоону угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешине келген төмөнкү маселелер Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын;
- Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу ар бир айылдын жаңы конуштарындагы үйлөрдү жарыктандыруу менен камсыз кылуу максатында электр мамычаларын, электр чубалгыларын сатып алууга 2 610 000 (эки миллион алты жүз он миң) сом акча каражаты,
- 04-11 аймактык калкты тейлөө борборунун имаратынын ичинен мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин жетекчисине кабинет бөлүп берүүгө сметада көрсөтүлгөн 133 460 (бир жүз отуз үч миң төрт жүз алтымыш) сом акча каражаты,
- Айгыр-Жал жана Каныш-Кыя айылдарынын мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарынын үйлөрүн кышка чейин толук бүтүрүү үчүн Чотбаев Тажибайга 531 650 (беш жүз отуз бир миң алты жүз элүү) сом, Осмонбеков Абдырайымга 1 014 000 (бир миллион он төрт миң) сом акча каражаттары
2. Бул токтомдун негизинде иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага тапшырылсын, аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.М.Козубаев |