Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-сентябрындагы №6
«Кошумча түшкөн акча каражаттарынан Кайың-Суу айылына тартылуучу таза сууга акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 19.09.2025-жылдагы №01-19/3133 чыгыш сандуу катына ылайык, каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековдун сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабекованын, каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековдун сунушу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кайың-Суу айылына Кара-Терек участкасынан таза суу чыгарууда даярдалган долбоор сметанын негизинде 43 564 056 (кырк үч миллион беш жүз алтымыш төрт миң элүү алты) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине кошумча түшкөн акча каражаттарынан жумшалсын.
3. Мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага, каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.М.Козубаев |