КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-сентябрындагы №7
«Баргы и Ко Жоопкерчилиги Чектелген Компаниясынан түшкөн акча каражатын жумшоого уруксат берүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 11.07.2025-жылдагы №01-18/2197 чыгыш сандуу “Баргы и Ко” Жоопкерчилиги Чектелген Компаниясынан кен казуу иштери боюнча алган жер аянтынан жергиликтүү бюджетке алынбай калган пайданы компенсациялоодон айыл өкмөтүнүн бюджеттик эсеп счетуна түшкөн акча каражатын жумшоого уруксат берүү жөнүндө жазган кайрылуусу, айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын №7 корутундусу менен таанышып жана талкуулап, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Баргы и Ко” Жоопкерчилиги Чектелген Компаниясынан кен казуу иштери боюнча алган жер аянтынан жергиликтүү бюджетке алынбай калган пайданы компенсациялоодон айыл өкмөтүнүн бюджеттик төлөө коду-14152400 эсеп счетуна түшкөн 24 563 100 (жыйырма төрт миллион беш жүз алтымыш үч миң бир жүз) сом акча каражатына план алууга уруксат берилсин.
2. “Баргы и Ко” Жоопкерчилиги Чектелген Компаниясынан кен казуу иштери боюнча алган жер аянтынан жергиликтүү бюджетке алынбай калган пайданы компенсациялоодон айыл өкмөтүнүн бюджеттик төлөө коду-14152400 эсеп счетуна түшкөн 24 563 100 (жыйырма төрт миллион беш жүз алтымыш үч миң бир жүз) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн борбордук паркын оңдоп түзөөдөн өткөрүү үчүн жумшоого уруксат берилсин.
3.Борбордук паркты оңдоп түзөөдөн өткөрүүдө керектүү акча каражатын которуп берүүдө мыйзамдуулугун карап тиешелүү компетенттүү органдар менен иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго жана муниципалдык менчик, жер жана турак жай боюнча башкы адис И.Батырбековго тапшырылсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.М.Козубаев |