Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-сентябрындагы №8
«Кызматтык үй сатып алуу үчүн акча каражатын которууга уруксат берүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 23.09.2025-жылдагы №01-19/3204 чыгыш сандуу Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын соц пакетинин эсебинен, айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсеп счетунун башкаруу аппаратынын киреше бөлүгүнө кошумча план алуу жөнүндө жазган кайрылуусу менен таанышып жана талкуулап, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук сотунун №ГД-206-25/Д-12 жарандык ишинин 2025-жылдын 9-сентябрындагы чечиминин негизинде Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын соц пакетинин эсебинен 4 380 000 (төрт миллион үч жүз сексен миң) сом акча каражаты жана түзүлгөн №338 келишимдин 6,3- пунктун бузгандыгы үчүн 0,1% айып (неустойка) 131 400 (бир жүз отуз бир миң төрт жүз) сом, жалпы 4 511 400 (төрт миллион беш жүз он бир миң төрт жүз) сом акча каражаты айыл өкмөтүнүн атайын каражаттар эсеп счетунун башкаруу аппаратынын киреше бөлүгүнө кошумча план алуу жагы суралсын.
2. Суралган 4 511 400 (төрт миллион беш жүз он бир миң төрт жүз) сом акча каражатын К.К.Керимбековдун жеке эсеп счетуна которуп берүүгө макулдук берилсин.
3. Керектүү акча каражатын которуп берүүдө мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага, каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго жана муниципалдык менчик, жер жана турак жай боюнча башкы адис И.Батырбековго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.М.Козубаев |