Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-сентябрындагы №9
«Эмгек акы фондуна акча каражатын кошуп берүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 27.06.2025-жылдагы №01-18/1956 чыгыш сандуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча түштүк аймактык башкармалыгынын 2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында текшерилген жазма буйруктун негизинде эмгек акысы аз эсептелген башкаруу, маданият тармагындагы кызматкерлерге жана 2025-жылга карата башкаруу тармагынын эмгек акы фондуна жетпей калган акча каражатын бөлүп берүү боюнча жазган кайрылуусун, айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын №7 корутундусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын 9 айынын жана жылдык планынан жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрүнөн ашыкча аткарылган 41 332 400 (кырк бир миллион үч жүз отуз эки миң төрт жүз) акча каражатынан;
- маданият тармагына 57 869 (элүү жети миң сегиз жүз алтымыш тогуз) сом акча каражаты,
- башкаруу тармагынын эмгек акысына 181 405 (бир жүз сексен бир миң төрт жүз беш) сом акча каражаты, жалпы 239 274 (эки жүз отуз тогуз миң эки жүз жетимиш төрт) сом акча каражаты эмгек акы фондуна, ал эми соц фонд 17,25% үчүн 41 274 (кырк бир миң эки жүз жетимиш төрт) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага, каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.М.Козубаев |