Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-сентябрындагы №10
«Алтын –Өрөөн, С.Чондоева мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 3 сааттык бала бакчаларын 10 сааттык бала бакчаларга өзгөртүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 23.09.2025-жылдагы №01-19/3191 чыгыш сандуу катынын 3-4-пунктарын негизинде “Алтын-Өрөөн” жана С.Чондоева мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы 3 сааттык бала бакчаларын 10 сааттык бала бакчаларга өзгөртүүгө макулдук берүү боюнча кайрылуусун жана айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын №7 корутундусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Алтын-Өрөөн” жана С.Чондоева мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 3 сааттык бала бакчаларын 10 сааттык бала бакчаларга өткөрүүгө уруксат берилсин.
2. Күнүмдүк тамак-аш жана башка керектүү каражаттар менен камсыздоого керектүү акча каражаттары мыйзам чегинде эсептелинип, Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнсүн.
3. Мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага, каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.М.Козубаев |