Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-сентябрындагы №11
«Мектепке чейинки билим берүү уюмдарына кошумча бала алуу жана балдардын тамак ашына акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 23.09.2025-жылдагы №01-19/3191 чыгыш сандуу мектепке чейинки билим берүү уюмдарына кошумча бала алууга жана балдардын тамак ашына керектүү акча каражаттарын бөлүп берүү боюнча жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу төмөнкү мектепке чейинки билим берүү уюмдарына кошумча жалпы 83 (сексен үч) бала алынсын;
- “Жаш тилек” мектепке чейинки билим берүү уюмуна 10 (он) бала
- “Байчечекей” мектепке чейинки билим берүү уюмуна 2 (эки) бала
- “Алтын-Өрөөн” мектепке чейинки билим берүү уюмуна 20 (жыйырма) бала
- “С.Чондоева” мектепке чейинки билим берүү уюмуна 20 (жыйырма) бала
- “Нур Билим” мектепке чейинки билим берүү уюмуна 6 (алты) бала
- “Тоо гүлү” мектепке чейинки билим берүү уюмуна 5 (беш) бала
- “Чебурашка” мектепке чейинки билим берүү уюмуна 8 (сегиз) бала
- “Байчечекей” мектепке чейинки билим берүү уюмуна 2 (эки) бала
- “Наристе” мектепке чейинки билим берүү уюмуна 10 (он) бала
2. 2025-жылдын 9 айынын жана жылдык планынан жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрүнөн ашыкча аткарылган 41 332 400 (кырк бир миллион үч жүз отуз эки миң төрт жүз) сом акча каражатынан 2025-жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айларына 66 (алтымыш алты) күнгө ар бир 83 (сексен үч ) балага 65 (алтымыш беш) сомдон 356 070 (үч жүз элү алты миң жетимиш) сом акча каражаты күнүмдүк тамак-ашын камсыздоо үчүн мыйзам чегинде эсептелинип, төлөнүп берилсин.
3. Мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага, каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.М.Козубаев |