Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз X сессиясынын
2025-жылдын 05-июнундагы № 29
«Каргалык айыл өкмөтүнүн 2025 - жылдын 4 - июнундагы № 01-6/419 чыгыш сандуу катын кароо “Шалаты” каналы боюнча»
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 29-апрель 2024-жылдагы №207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө токтомун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2024-жылдын 14-майындагы №105-б буйругун жана Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 31-июлундагы №198 буйругуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жалпы узундугу 5200 метр, аянты 88200,0 чарчы метр ”Шалаты” каналын Тогуз-Торо райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүлүп берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Абдрахмановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Т.Жолокеевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Т.И.Токтоболотов |