Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз X сессиясынын
2025-жылдын 05-июнундагы № 30
«Каргалык айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 4-июнундагы № 01-6/421 чыгыш сандуу катын кароо»
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программасын бекитүү жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 17-август 2017-жылдагы №490 токтомунун негизинде, Каргалык айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын Казарман, Чет-Булак, Табылгыты, Кара-Суу, Сары-Булуң айылдарына башкы пландарын даярдоо үчүн, республикалык бюджеттен максаттуу трансферт катары каржыланган 11 197 500 (он бир миллион бир жүз токсон жети миң беш жүз) сом акча каражатын, Каргалык айыл өкмөтүнүн башкаруу тармагынын 2215 ар кандай чыгымдар беренесине отургузулуп берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Абдрахмановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Т.И.Токтоболотов |