Редакцияот 26.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 26-декабры № 123

 

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы скверге Кызыл-Кыя шаарынын Ардактуу Жараны, КР “Даңк” медалынын ээси, ардактуу шахтер Прокофьев Борис Андриановичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия(диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын          30-ноябрындагы №29 протоколун жана Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси М.Тойчиевдин 2023-жылдын 27-ноябрындагы № 01-8/2172 катын эске алып, Кызыл-Кыя шаарынын Ардактуу Жараны, КР “Даңк” медалынын ээси, ардактуу шахтер Прокофьев Борис Андриановичтин ысымын түбөлүккө калтыруу максатында Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ  кылат:

1. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы скверге Кызыл-Кыя шаарынын Ардактуу Жараны, КР “Даңк” медалынын ээси, ардактуу шахтер Прокофьев Борис Андриановичтин ысымы ыйгарылсын.

2. Ушул токтомдун 1-пунктун аткарууда тийиштүү иш-кагаздарын даярдоо жагы Кызыл-Кыя шаарынын мэри А.Маткалыковго жүктөлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия(диний) жана улуттар аралык маселелери  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

 

Ж. Калматов