Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз X сессиясынын
2025-жылдын 05-июнь №28
«Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берүү (трансформациялоо) жөнүндө»
2024-жылдын 6-июнунда Пекин шаарында кол коюлган Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну, 2024-жылдын 20-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу” Жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда инвестициялык макулдашууну ишке ашыруу максатында, Торугарт-Жалал-Абад темир жолун жана анын инфраструктурасын куруу үчүн Тогуз-Торо райондук комиссиясынын 2025-жылдын 27-майындагы корутундусуна ылайык, Каргалык айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезексиз X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Торугарт-Жалал-Абад темир жол жана анын инфраструктурасын куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагында жайгашкан, мамлекеттик менчиктеги жалпы аянты 73,27 га жерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трасформациялоого) макулдук берилсин.
2. Бул токтом Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Б.М.Абдрахмановго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Т.И.Токтоболотов |