Редакцияот 26.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 26-декабры № 124

  

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сыйлыктары жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия(диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын   30-ноябрындагы №29 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сыйлыктары жөнүндө Жобо бекитилсин    (тиркеме 1).

2. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сыйлыктарын ыйгаруу боюнча комиссия курамы бекитилсин (тиркеме 2).

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия(диний) жана улуттар аралык маселелери  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага

 

Ж. Калматов

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин  (VII чакырылышы)

2023-жылдын  26-декабрындагы  кезектеги  33-сессиясынын

№33/124 токтомуна

 тиркеме-1

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сыйлыктары жөнүндө ЖОБО

 

 

  1. Жалпы жобо

1. Ушул Жобо Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сыйлыктары менен сыйлоо менен байланышкан мамилелерди жөнгө салат.

2. Шаардык коомчулуктун алдында жарандардын көрүнүктүү эмгектерин таануу, Кызыл-Кыя шаарынын пайдасына багытталган жеке ишин сыйлоо, анын жайлуулугун жана өсүп-өнүгүүсүн камсыздоо максатында "Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин “Ыраазычылык баракчасы”, “Ардак Грамотасы”, “Патриот” төш белгиси жана “Ардактуу жараны" наамы белгиленет.

Ошондой эле “Жылдын мыкты маданият кызматкери”, “Жылдын мыкты медицина кызматкери”, “Жылдын мыкты муниципалдык кызматкери”, “Жылдын мыкты мамлекеттик кызматкери”, “ Жылдын мыкты спортчусу”, “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты ишкери” “Жылдын мыкты студенти”, “Жылдын мыкты окуучусу” наамдары ыйгарылышы мүмкүн.

3. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин жогоруда аталган сыйлыктары жана наамдары  шаардык кеңеш тарабынан шаардын тургундарына, Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга ыйгарылат. Шаардын мамлекеттик кызмат ээлеген адамына, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кызмат адамына, шаардын өсүп-өнүгүүсүнө салым кошкон жарандарга ыйгарылат.

5. Соттуулугу алынбаган же жоюлбаган, мекеме-ишкананын жетекчилигинин сөгүш же эскертүү алган  адамга ыйгарылышы мүмкүн эмес.

6. Жогорку ардактуу наам болуп “Кызыл-Кыя шаарынын Ардактуу жараны” наамы саналат, анын статусу, ыйгаруу субьекти “Кызыл-Кыя шаарынын Ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө Жобонун негизинде жөнгө салынат.

7. Жогорку сыйлык болуп “Кызыл-Кыя шаарынын Патриоту” төш белгиси сыйлоонун бардык субьекттери үчүн жогорку артыкчылык даражасы болуп саналат. Анын статусу, сыйлоо субьекти жана сыйлоо үчүн квалификациялык талаптары өзүнчө Жобо менен жөнгө салынат.

8. Шаардык кеңештин Ардак грамотасы жана Ыраазычылык баракчасы,  “Жылдын мыкты маданият кызматкери”, “Жылдын мыкты медицина кызматкери”, “Жылдын мыкты муниципалдык кызматкери”, “Жылдын мыкты мамлекеттик кызматкери”, “Жылдын мыкты спортчусу”, “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты ишкери”, ” “Жылдын мыкты студенти”, “Жылдын мыкты окуучусу” наамдары бул жарандардын Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүшүнө кошкон зор салымы, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы жетишкен ийгиликтери үчүн, билим берүү, илим, медицина, маданият, спорт тармагын өнүктүрүүдө салымын кошкон инсандарга ыйгарылат.

9. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сыйлыктары кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн демократиялык коомдун калыптанышына жана өнүгүүсүнө кошкон орчундуу салымы, ошондой эле иштин экономикалык, социалдык, гуманитардык жана башка түрлөрүндө шаардын өнүгүүсүнө, элине өтөгөн кызматын баалоо иретинде сыйлоонун түрү болуп эсептелет. Кызыл-Кыя шаардык кеңештин сыйлыктары  менен кызматтык милдеттерин жана берилген тапшырмаларды сапаттуу жана так аткарып, дилгирлигин, демилгелүүлүгүн, кесипкөйлүгүн, чечкиндүүлүгүн көрсөтүп, жогорку ийгиликтерге жетишкен, тиешелүү тармактын өнүгүүсүнө салым кошкон жарандар сыйланышат.

  1. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сыйлыктарын жана наамын ыйгаруунун негизи жана тартиби

1.“Кызыл-Кыя шаарынын Ардактуу жараны” наамы жана “Кызыл-Кыя шаарынын Патриоту” төш белгиси Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясынын чечими менен ыйгарылат.

2. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин Ардак грамотасы жана Ыраазычылык баракчасы шаардык кеңештин төрагасынын чечими менен берилет.

3. “Жылдын мыкты маданият кызматкери”, “Жылдын мыкты медицина кызматкери”, “Жылдын мыкты муниципалдык кызматкери”, “Жылдын мыкты мамлекеттик кызматкери”, “Жылдын мыкты спортчусу”, “Жылдын мыкты мугалими”, “Жылдын мыкты ишкери” ” “Жылдын мыкты студенти”, “Жылдын мыкты окуучусу” наамдары шаардык кеңештин сыйлыктар боюнча комиссиясынын чечими менен ыйгарылат.  

4. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сыйлыктарына көрсөтүү жөнүндөгү сунуш шаардагы мекеме-ишканалардын жана мамлекеттик органдардын жетекчилери жана коомчулук тарабынан берилет.

5. Сыйлоо жөнүндө өтүнүч, мамлекеттик органдар жана юридикалык жактар тарабынан көтөрүлүшү мүмкүн. Сыйлоого берилген сунуш, каттар жана башка документтер Кызыл-Кыя шаарындагы мекеме-уюмдар жана мамлекеттик органдардын  бөлүмдөрү/башкармалыктары, өкүлчүлүктөрү сыйлоо жөнүндө өтүнүч катты коллегиялуу карашат жана Кызыл-Кыя шаардык кеңешине сыйлоо жөнүндө сунуштарын жиберишет.