Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-сентябрындагы №12
«Кыргыз Республикасынын Президентинин 14.03.2023-жылдагы ПЖ №56 Жарлыгына ылайык иш алып баруу жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 19.09.2025-жылдагы №01-19/3133 чыгыш сандуу катынын 5-6-7-пунктарын негизинде муниципалдык менчиктеги имараттарды жана короо жээктерин (ограждения) бузууга уруксат берүү боюнча жазган катын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 14.03.2023-жылдагы ПЖ №56 Жарлыгына ылайык карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге (жол тилкесиндеги жана жол боюндагы тилкедеги жерлерде) жол боюндагы тейлоо обьектерин (анын ичинде сооданы) мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 14.03.2023-жылдагы ПЖ №56 Жарлыгына ылайык иш жүргүзүлсүн.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын муниципалдык менчигиндеги төмөнкү имраттарды жана короо жээктерин (ограждения) бузууга уруксат берилсин;
- Жаңы-База айылындагы “Ыдырыс-Ата” тарыхий мурас комплексинин ашар жолу менен салынган мейманканасы (Гос АКТ Серия Б №018961),
- Курулуш айылындагы эски ФАПтын имараты (Гос АКТ Серия Б №030922),
- “С.Чондоева”, “Баластан”, “Алтын-Бешик” мектепке чейинки билим берүү уюмунун короосунун жол тарабы,
- Т.Жаналиев жана Ж.Ташкеев атындагы негизги билим берүүчү орто мектептеринин короосунун жол тарабы,
- Жаңы-Базар айылындагы айыл өкмөтүнүн эски имаратынын короосунун жол тарабы.
3. Мыйзамдуулугун карап, тийиштүү компетентүү органдар менен биргеликте иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага, жана муниципалдык менчик, жер жана турак жай боюнча башкы адис И.Батырбековго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, жер аталышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.М.Козубаев |