Редакцияот 26.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 26-декабры № 128

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын Жобосун бекитүү жөнүндө

 

 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, мэрдин биринчи орун басары Ж. Курбановдун  2023-жылдын 25-декабрындагы №01-8/2469 кайрылуу катын жана шаардык кеңештин Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия(диний) жана улуттар аралык маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын  2023-жылдын 25-декабрындагы №30 протоколун эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ  кылат:

  1. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын Жобосу бекитилсин    (тиркеме 1).

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Укук коргоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, регламент, коомдук уюмдар, үрп адат, религия (диний) жана улуттар аралык маселелери  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

              Төрага

 

Ж. Калматов

                                                                                              

Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин   (VII чакырылышы)

2023-жылдын  19-декабрындагы  кезектеги 

33-сессиясынын №33/128 токтомуна

тиркеме-1

Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы жөнүндө

ЖОБО

 

                             I.                Жалпы жобо

                           II.                Негизги максаты жана иш чарасы

                          III.                Укуктары жана милдеттери

                         IV.                Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын реорганизациялоо жана ликвидациялоо.

 

I. Жалпы жобо

1.1. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча мэрдин ишин камсыз кылат. Шаардын аймагында чарбалык жана экономикалык жактан башкаруу үчүн, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо максатында башкаруунун аткаруучу-тескөөчү органы катары мэрия түзүлөт. Кыргыз тилинде аталышы: Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы мекемеси. Орус тилинде аталышы: Учреждение мэрии города Кызыл-Кыя. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын юридикалык дареги: 720300, Кызыл-Кыя шаары, А. Масалиев көчөсү №60

1.2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мэр мэриянын аппарат кызматкерлерин дайындайт жана кызмат ордунан бошотот. Башкаруу органынын жооптуу кызматкери жергиликтүү өз алдынча башкаруунун административдик муниципалдык кызматкери болуп саналат. Шаардын мэриясынын курамына түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр кирет.

1.3.Мэриянын аппараты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген штаттык ырааттамагы ылайык, бөлүмдөрдөн жана секторлордон турган башкаруу органы болуп саналат.

1.4. Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана Мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин актылары, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын Жобосу аппараттын ишмердигинин укуктук негизин түзөт.

1.5. Мэрдин ишмердигин уюштуруу укуктук, маалыматтык-аналитикалык жана башка жактан камсыздоо - аппараттын негизги максаттары болуп саналат.

1.6. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын, КР Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын актыларын кынтыксыз аткарылуусун мамлекеттик жана коомдук тартипти аппарат камсыз кылат.

1.7. Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы коллегиянын курамы мэр тарабынан бекитилет, коллегиянын төрагасы мэр болуп саналат жана коллегиянын ишмердүүлүгүн жүргүзөт. Коллегиянын отурумунда каралуучу маселелер мэрдин буйругу менен бекитилет жана маселе коюлган айларда же кварталда отурум өткөрүлүп каралып, чечим кабыл алынат. Коллегиянын отуруму мэр тарабынан бекитилген графикке ылайык өткөрүлөт.

1.8. Аппарат Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы коллегиянын отурумдарын, структуралык бөлүм башчылары менен өткөрүлүүчү кеңешмелердин, мэриянын алдындагы туруктуу комиссияларынын отурумдарын, башкаруу документтеринин долбоорлорун даярдоону уюштурат, кабыл алынган токтомдордун жана буйруктардын аткарылышын көзөмөлдөйт, перспективалык жана башка пландарды иштеп чыгууну, мэриянын документациялык ишмердигин камсыздап, мекеме-уюмдарга методикалык жардам көрсөтөт.

1.9. Аппарат өзүнүн функцияларын ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу: мекемелерден жана кызмат ээлеринен ишке керектүү түрдүү маалыматтарды, анын ичинде кабыл алынган тартипте жашыруун кагаздарды талап кылууга; аныкталган кемчиликтерди четтетүү үчүн структуралык бөлүмдөрдүн катышуусу менен мэриянын жетекчилиги менен макулдашып, тиешелүү текшерүүлөрдү өткөрүүгө; -шаарда жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аймактык органдары жана башка мекемелер, уюмдар жана шаар тургундары үчүн мэрдин катышуусу менен жана анын тапшырмасы боюнча көрсөтмөлөрдү берүүгө.

1.10. Мэриянын аппаратынын иш жүргүзүү маселелери мэриянын аппарат жетекчисине жүктөлгөн.

1.11. Аппараттын түзүлүшү жана штаттык структурасы мэр тарабынан аныкталат, аппаратты жана шаардын башкаруу органдарын камсыздоо шаардын бюджетинен жүргүзүлөт. Кызыл-Кыя шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун башчысы мэр болуп саналат. Мэрдин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” 2021-жылдын 20 - октябрындагы №123 мыйзамы менен аныкталат.

1.12. Мэрдин аткаруу функциялары, токтомдор жана буйруктарды даярдоонун тартиби мэриянын иштөө регламенти менен аныкталат.

1.13. Мэр өзүнүн аткаруу функцияларын ишке ашыруу максатында аткаруу бийлигинин аймактык жана структуралык бөлүмдөрүн түзөт жана алардын курамын, жоболорун бекитет.

1.14. Мэр өз ыйгарым укуктарынын чегинде токтомдорду жана буйруктарды кабыл алат, алар шаардын аткаруу бийлигинин бардык деңгээлдери, атуулдар жана шаардын ичиндеги бардык чарба жүргүзүүчү объектилер тарабынан аткарылуучу токтомдорду жана буйруктарды кабыл алат.

1.15. Мэриянын жетекчилигин төмөнкүлөр түзөт: