Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-сентябрындагы №13
«Токтомамбетова Алтынай Мейманованын кайрылуусу жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 19.09.2025-жылдагы №01-19/3133 чыгыш сандуу катынын 4-пунктунун негизинде Каныш-Кыя айылынын тургуну Токтомамбетова Алтынай Мейманованын 15 сотых жер аянтында жайгашкан дүкөнүн көз карандысыз балоочу баалатып айыл өкмөтүнүн балансына сатып алуу боюнча карап, айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ш.Ч.Жумабекованын сунушу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө азыркы күндө муниципалдык менчикке имарат сатып алууга заарылчылыктын жоктугу жана акча каражатынын жетишсиздиги белгиленсин.
3. Мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага, жана муниципалдык менчик, жер жана турак жай боюнча башкы адис И.Батырбековго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, жер аталышты коргоо, экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.М.Козубаев |