Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-сентябрындагы №14
«2025-жылдын 9 айынын жана жылдык планынан жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрүнөн ашыкча аткарылган акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 19.09.2025-жылдагы №01-19/3133 чыгыш сандуу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2025-жылдын 9 айынын жана жылдык планынан жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрүнөн ашыкча аткарылган 41 332 400 (кырк бир миллион үч жүз отуз эки миң төрт жүз) сом акча каражатын жумшоого уруксат берүү боюнча жазган кайрылуусун, айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын №7 корутундусун жана депутаттардын сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылдын 9 айынын жана жылдык планынан жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрүнөн ашыкча аткарылган 41 332 400 (кырк бир миллион үч жүз отуз эки миң төрт жүз) сом акча каражаты төмөнкү багыттарга жумшоого уруксат берилсин;
- Чаткал райондук аскер коммиссиаратына резерв ротанын атайын кийимдерин айыл өкмөтүнүн муниципалдык контейнерине сактоо үчүн даярдалган сметанын негизинде 522 488 (беш жүз жыйырма эки миң төрт жүз сексен сегиз) сом акча каражаты,
- “Строительная компания АКННД” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору А.Абдылдаевдин кайрылуусунун негизинде С.Байдөөлөтов атындагы инновациялык мектебинин имаратынын ички бөлүгүн капиталдык оңдоодон өткөрүү учурунда сметадан тышкары жумуштардын аткарылгандыгы боюнча 2024-жылдын 16-ноябрындагы түзүлгөн актнын негизинде 433 735 (төрт жүз отуз үч миң жети жүз отуз беш) сом акча каражаты,
- “Айчубак” мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратынын айланасын тосууга 154 060 (бир жүз элүү төрт миң алтымыш) сом акча каражаты,
- С.Байдөөлөтов атындагы инновациялык жалпы орто билим берүүчү мектебине жана Жаңы-Базар айылындагы Т.Жаналиев атындагы жалпы негизги билим берүүчү орто мектебине акылдуу от казан сатып алууга 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сомдон жалпы 3 000 000 (үч миллион) сом акча каражаты,
- Ак-Таш айылындагы мал өтүүчү көпүрөнү оңдоп түзөөгө сметада көрсөтүлгөн 161 950 (бир жүз алтымыш бир миң тогуз жүз элүү) сом акча каражаты,
- Кыргыз Республикасынын билим берүү жана Илим министрлиги Агартуу министрлиги болуп өзгөргөндүгүнө байланыштуу, Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу билим берүү мекемелеринин аталыштарын жаздырууга 432 000 (төрт жүз отуз эки миң) сом акча каражаты,
- Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы арык каналдарга жол шакекчесин (кольцо) жана суу түтүктөрүн (труба) сатып алууга 2 809 100 (эки миллион сегиз жүз тогуз миң бир жүз) сом акча каражаты,
- С.Байдөөлөтов атындагы инновациялык жалпы орто билим берүүчү мектебинин жана Исмаил уулу Матиш атындага жалпы негизги билим берүүчү орто мектебинин ичин жасалгалоого 750 000 (жети жүз элүү миң) сомдон жалпы 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты,
- Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу жалпы билим берүүчү мектептерге жана бала бакчаларга көрүү бурчу 360 градусту түзгөн сапаттуу водеокамера аппараттарын орнотуу үчүн даярдалган сметага жетпей калган 6 021 988 (алты миллион жыйырма бир миң тогуз жүз сексен сегиз) сом акча каражаты,
- Райондун аймагында коомдук тартипти камсыз кылуу, кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу боюнча Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдарына 15 (он беш) даана видео байкоо камераларын орнотуу үчүн 2 000 000 (эки миллион) сом акча каражаты,
- Чаткал райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун төрөт бөлүмүнүн акушер гникологу Алмазбек кызы Мираиданын жашаган үйүнүн ижара акысына ай сайын 6 500 (алты миң беш жүз) сомдон 2025-жылга жалпы 78 000 (жетимиш сегиз миң) сом акча каражаты,
- 2024-жылы күз айында болуп өткөн кырсыктан (каар көчкүдө калган жарандарды) “Авияциялык издөө-куткаруу кызматы” мамлекеттик ишканасына болгон карыз үчүн 3 000 000 (үч миллион) сом акча каражаты,
- Ж.Ташкеев атындагы жалпы негизги билим берүүчү мектебине мугалимдер үчүн контейнер сатып алууга 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты,
- Тообай Эрматов атындагы балдар өспүрүм спорт мектебинин футбол аянтчасынын айланасын тосуп берүүгө 76 600 (жетимиш алты миң алты жүз) сом акча каражаты,
- Кайың-Суу жалпы орто билим берүүчү мектебинин алдына гул көчөттөрүн сатып алууга жалпысынан 37 400 (отуз жети миң төрт жүз) сом акча каражаты,
- Айыл өкмөттүн балансындагы JCB каз тамандуу экскваторунун сол жак тетиги (бортовый редуктор хода) жараксыз абалда болгондуктан жаңы сатып алууга 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты,
- Ыдырыс-Ата тарыхый комплексинин беседкаларын какапиталдык оңдоодон өткөрүүгө жана электр чырактарын алмаштырууга жалпысынан 2 025 223 (эки миллион жыйырма беш миң эки жүз жыйырма үч) сом акча каражаты,
- Ак-Таш айылындагы Лыжный базага 2024-жылы салынган беседкалардын кошумча жумушу үчүн 461 862 (төрт жүз алтымыш бир миң сегиз жүз алтымыш эки) сом акча каражаты,
- Курулуш айылындагы С.Мырзалиев атындагы орто мектебинин ички жана тышкы жасалгалоосу үчүн материалдарды алууга 2 002 500 (эки миллион эки миң беш жүз) сом акча каражаты,
- Коргон-Сай, Жер-Капчыгай жана Жаңы-Базар айылдарына 3 (үч) даана 250 кВа трансфарматорлорду орнотууга (установка), электр чыбалгыларын тартуу, мамычаларын орнотууга 496 700 (төрт жүз токсон алты миң жети жүз) сом акча каражаты,
2. Мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага, каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.М.Козубаев |