КЫЗЫЛ-КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 26-декабры № 129
Кызыл-Кыя шаарына караштуу “Ак-Булак Дыйкан” СПАсынын “Тешик-Арык” каналын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамынын 34-беренесине негиз, шаардын мэри А. Маткалыковдун 2023-жылдын 22-сентябрындагы катын эске алып, Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кызыл-Кыя шаарына караштуу “Ак-Булак Дыйкан” СПАсынын 4730 метр “Тешик-Арык” каналын Кадамжай райондук суу чарба башкармалыгынын балансына мөөнөтсүз өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. “Ак-Булак Дыйкан” СПАсынын “Тешик-Арык” каналын баланска өткөрүүдө тиешелүү документтерди даярдоо жагы шаардын мэри А. Маткалыковго жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ишкерлер, өнөр – жай, транспорт, коммуникация жана агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
| Ж. Калматов |