КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-сентябрындагы №15
«Кошумча түшкөн акча каражаттарынан таш талкалоочу аппарат дробилка сатып алуу жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 24.09.2025-жылдагы №01-18/3205 чыгыш сандуу айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине щебень, отсев материалдарын даярдоого таш талкалоочу аппарат (дробилка) сатып алууга акча каражатын бөлүп берүү боюнча жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын тургундарынын кайрылууларынын негизинде жазылган айыл өкмөт башчысынын каты эске алынсын.
2. 2025-жылга кошумча тушкөн акча каражаттарынан щебень жана отцев материалдарын даярдоого таш талкалоочу аппарат (дробилка) алууга комерциялык сунушта көрсөтүлгөн 15 100 000 (он беш миллион бир жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл
өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага, каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.М.Козубаев |