Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз X сессиясынын
2025-жылдын 12-май №25
«Саймалуу - Таш” мамлекеттик жаратылыш паркынын 12 - май
2025 - жылдагы № 01 - 4-15/219 чыгыш сандуу катын кароо »
“Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2 - главасынын 2.1-пунктуна ылайык, айылдык кеңешинин ( I чакырылышынын ) кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу “Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш парктын аймагындагы, туристтик рекрациялык зонага эс алууга барган жарандарды тейлөө жана жакшы шарт түзүүдө, ижара акысына тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:
- этно тапчанга бир күнгө - 500 (беш жүз) сом,
- чет элдик жарандарга бир күнгө кирүү акысы - 350 (үч жүз элүү) сом,
- кыргыз боз үйгө бир күнгө - 3000 (үч миң) сом.
2. Бул токтомду аткаруу жагы “Саймалуу - Таш” мамлекеттик жаратылыш паркынын директору А.Т.Камбаралиевге тапшырылсын.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб - сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Т.И.Токтоболотов |