БАЙЗАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги III-сессиясы
2023-жылдын 31-июлу № 3/3
Байзак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Байзак айыл өкмөтүнүн иш чаралары боюнча 2023-жылдын 6айынын жыйынтыгы менен өткөрүлгөн отчетунун протоколунун негизинде Байзак айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин сметасынын чыгаша бөлүгүнүн айрым беренелерине өзгөртү киргизүү жөнүндө Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевдин жана Байзак айыл өкмөтүнүн социялдык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Д.Бегалиевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Байзак айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Байзак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджетинин чыгаша сметасына төмөнкүдөй тартипте өзгөртүүлөр киргизилсин:
· 2023-жылдагы АУПтан 2215-беренесиндеги Нормативдик төлөмгө 45,0 миң сом, 1 С мрограммасына 30,0 миң сом, Көрктөндүрүү жашылдандырууга 67,0 миң сом, Белгиленбеген чыгымдар үчүн 48,9 миң сом, баардыгы болуп 190,9 миң сом запастык бөлүкчөлөрдү алууга 2214 – беренесине жылдырылсын.
· 2023-жылдын АУПтан 2215-беренесиндеги Таштандылар полигонуна бөлүнгөн 548,0 миң сом Таштанды чыгаруучу машинанын өздүк салымына 3112 -беренесине жылдырылсын.
2. 2023-жылга бекитилген бюджеттин чыгашаларына өзгөртүү киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Жумгал башкармалыгына кайрылуу, каражатты максатуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Б.Жусуповго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом www.gamsumo.gov.kg сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Байзак айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кадырбаев Русланбек Жумагуловичке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы Байзак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Женалиевге милдеттендирилсин.
Байзак айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы |
|
А.К. Ажыгулов |