Редакцияот 26.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БИРДИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 26-майындагы № 54/XX-28

 

Долбоорду биргелешип каржылоого жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүү жөнүндө

Бирдик айыл өкмөтүнүн башчысы А.А.Кыдырманованын маалыматын угуп, талкуулап, долбоорду биргелешип каржылоо үчүн жергиликтүү бюджеттен каражаттарды бөлүү жөнүндө

«Балдар аянтчасын орнотуу» 2023-жылга сметалык баасы болгону 658,5 миң сом, жергиликтүү бюджеттен 400,0 миң сом, Бирдик айылдык кеңешинин сессиясы

 

Токтом кылат:

 

1. Жана. Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Деркембаева Б. жергиликтүү бюджеттен 400,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бирдик айылдык Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Бирдик айылдык

кенештин төрагасы

Ч.Миншанло