Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-сентябрындагы №16
«2025-2026-окуу жылына класстык толуктоолорду (комплектования) калтыруу жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ч.Жумабекованын 2025-жылдын 5-сентябрындагы №01-19/2912 чыгыш сандуу Чаткал өрөөнүндөгү айрым мектептерде окуучуларынын саны класстык толуктоолорго (комплектования) жетпей жаткандыгы боюнча кайрылуусун, “Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын №3 протоколун карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясынын №3 протоколу эске алынсын.
2. Чаткал өрөөнүнүн климаты катаал болуп, мектептердин аралыгы бири-биринен алыс болгондугуна байланыштуу Т.Жаналиев атындагы орто мектебинин 2-3-4-класстары, А.Баймырзаев атындагы орто мектебинин 1-7-9-11-класстары, А.Айымбетов атындагы орто мектептин 1-2-3-4-5-6-7-8-9-10-11-класстары, Т.Кошбаев атындагы орто мектептин 1-2-3-10-11-класстары, С.Дозонов атындагы орто мектебинин 7-8-11-класстары, К.Усупбеков атындагы орто мектебинин 7-11-класстары, Кайын-Суу орто мектебинин 2-4-7-8-10-класстары жана К.Акназаров атындагы орто мектебинин 8-9-11-класстарын класстык толуктоолорго (комплектования) калтыруу боюнча Чаткал райондук мамлекеттик администраицясынын башчысы-аким А.Ж.Сенирбаевден суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин “Маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
М.М.Козубаев |