Редакцияот 28.03.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ

Төрт-Гүл айылдык кеңешинин I – чакырыгынын  иреттеги ачык V сессиясынын

  

2025-жылдын 28-марты № 31-1

Төрт-Гүл айыл аймагынын Петровка айылынын ички жолдорун оңдоо жөнүндө

 

Төрт-Гүл айыл аймагынын Петровка айылынын ички жолдорун оңдоо боюнча жана көчмө комиссиянын 20.03.2025-жылдагы №1 протоколунун негизинде Петровка айылынын оңдоону талап кылган ички жолдорун (грейдерлөө, шагыл төгүү жана  ныктоо) аныкталган. Ошондой эле Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А.Байсулдаевдин маалыматты угуп жана талкуулап.

Төрт-Гүл айыл аймагынын кеңеши

 

 ТОКТОМ  ЧЫГАРАТ:

1. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А., Байсулдаев төмөнкү көчөлөрдүн жолдорун оңдоон үчүн сметасын түзүү боюнча иштерди алып барсын;

- Совет көчөсү, узундугу 2040 метр аралыкта  – грейдерлөө, шагылдарды ныктоо иштери  (Луговой көчөсүнүн кесилишинен аягына чейин).

- Заводская көчөсү, узундугу 4600 метр – атайын техника менен пландаштырылган (Ак-Суу көчөсүнүн аягынан бурулушуна чейин)

- Южная көчөсү, узундугу 730 метр (Фрунзе көчөсүнөн Калинин

көчөсүнө чейин) – грейдерлөө, шагыл төгүү ныктоо иштери .

- Калинин көчөсү, узундугу 830 метр ( Борбордук көчөгө чейин) – шагыл төгүү ныктоо иштери ,

-Степная көчөсү, узундугу 1330 метр – грейдерлөө, шагыл төгүү ныктоо иштери.

- Новый проспекти, узундугу 280 метр – шагыл  төгүү ныктоо иштери.

- Озерная көчөсү, Шевченко,көчөсүндө жалпы  узундугу 6000 метр аралыкта  – грейдерлөө иштери .

- Водоемная көчөсү, узундугу 170 метр – грейдерлөө, шагыл ныктоо иштери.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын  айылдык кеңештин орун басары Коешев Кудайберди Бектургановичке жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

 Ж.К. Маматкеримов