Редакцияот 24.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги  IX сессиясы

 

  2025-жылдын  24-сентябрындагы №17

 

«Акча каражатын жумшоого уруксат берүү жөнүндө»

 

Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 24.09.2025-жылдагы №01-18/3209 чыгыш сандуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-августундагы №276 тескемесинин негизинде айыл өкмөттүнүн Элдик Банк ААКнан ачылган эсеп счетуна Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 100 000 000 (бир жүз миллион) сом акча каражатын борбордук оорукананын курулуш иштерине жумшоого уруксат берүү боюнча жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын кайрылуусу эске алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-августундагы №276 тескемесинин негизинде айыл өкмөттүнүн Элдик Банк ААКнан ачылган эсеп счетуна Турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 100 000 000 (бир жүз миллион) сом акча каражатын борбордук оорукананын курулуш иштерине жумшоого уруксат берилсин.

3. Мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага, каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн

 

 

Төрага

 

           М.М.Козубаев