КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-сентябрындагы №18
«2025-жылдын 9 айынын жана жылдык планынан жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрүнөн ашыкча аткарылган акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 19.09.2025-жылдагы №01-19/3133 чыгыш сандуу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн 2025-жылдын 9 айынын жана жылдык планынан жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрүнөн ашыкча аткарылган 41 332 400 (кырк бир миллион үч жүз отуз эки миң төрт жүз) сом акча каражатын жумшоого уруксат берүү боюнча жазган кайрылуусун, “жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик” боюнча туруктуу комиссиянын №4 корутундусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ш.Ч.Жумабекованын жана “жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик” боюнча туруктуу комиссиянын №4 корутундусу эске алынсын.
2. 2025-жылдын 9 айынын жана жылдык планынан жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрүнөн ашыкча аткарылган 41 332 400 (кырк бир миллион үч жүз отуз эки миң төрт жүз) сом акча каражатынан “Каныш-Кыя” муниципалдык ишканасына жалпы 2 075 500 (эки миллион жетимиш беш миң беш жүз) сом акча каражыты субсидия катары ;
- Бугу багуу үчүн 570 000 (беш жүз жетимиш миң) сом акча каражаты,
- “Абердин Ангус” пародасындагы букалардын кышкы тоюнту үчүн 1 441 000 (бир миллион төрт жүз кырк бир миң) сом акча каражаты,
- Кызматтык аттардын ушул күнгө чейинки жем чөбүнө 64 500 (алтымыш төрт миң беш жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин,
3. Мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага, каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.М.Козубаев |