Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-сентябрындагы №18
«2025-жылдын 9 айынын жана жылдык планынан жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрүнөн ашыкча аткарылган акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабекованын 19.09.2025-жылдагы №01-18/3127 чыгыш сандуу Ак-Таш айылындагы Тешик-Арык каналын салууда атайын техникалардын күнүмдүк эмгек акысына керектүү акча каражаттарын бөлүп берүү боюнча жазган кайрылуусун, айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын №7 корутундусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Ш.Ч.Жумабекованын сунушу эске алынсын.
2. 2025-жылдын 9 айынын жана жылдык планынан жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрүнөн ашыкча аткарылган 41 332 400 (кырк бир миллион үч жүз отуз эки миң төрт жүз) сом акча каражатынан Ак-Таш айылындагы Тешик-Арык каналын салууга атайын техникалардын күнүмдүк эмгек акысы үчүн 5 000 000 (беш миллион) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин,
3. Мыйзамдуулугун карап иш алып баруу Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага, каржы экономика жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Б.Кутбидин уулуна жана Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
М.М.Козубаев |