Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз lX сессиясынын
2025-жылдын 12-май №24
« Каргалык айылдык кеңешинин 2024 - жылдын 20 - декабрында өткөн IV
сессиясынын № 17 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө »
“Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Атыканов Анарбек Кадыкеевичтин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2 - главасынын 2.1 - пунктуна ылайык, айылдык кеңешинин
( I чакырылышынын ) кезексиз IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын А.Сагынбаев көчөсүнүн 380 метр, А.Түмөнбаев көчөсүнүн 250 метр ички көчөлөрүн ысык асфальттоого жалпы долбоордун сметалык наркы 5108219 (беш миллион бир жүз сегиз миң эки жүз он тогуз) сом, дем берүүчү (үлүштүк) грантка 2554100 (эки миллион беш жүз элүү төрт миң бир жүз) сом, өздүк салымына жергиликтүү бюджеттен 2554119 (эки миллион беш жүз элүү төрт миң бир жүз он тогуз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ж.Акимбаев көчөсүнүн 530 метр, К.Дөөткулов көчөсүнүн 370 метр ички жолун ысык асфальттоого жалпы долбоордун сметалык наркы 8483510 (сегиз миллион төрт жүз сексен үч миң беш жүз он) сом, дем берүүчү (үлүштүк) грантка 4241700 (төрт миллион эки жүз кырк бир миң жети жүз) сом, жергиликтүү бюджеттен өздүк салымына 4241810 (төрт миллион эки жүз кырк бир миң сегиз жүз он) сом бөлүнүп берилсин.
3. Табылгыты айылындагы Э.Касымалиев атындагы спорт залдын курулушун бүткөрүү, жалпы долбоордун наркы 11848160 (он бир миллион сегиз жүз кырк сегиз миң бир жүз алтымыш) сом, дем берүүчү (үлүштүк) грантка 5000000 (беш миллион) сом, “Жалал-Абад областык өнүктүрүү фонду” мекемесине 5000000 (беш миллион) сом акча каражаты сунушталсын жана өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 1848160 (бир миллион сегиз жүз кырк сегиз миң бир жүз алтымыш) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
4. Каргалык айылдык кеңешинин 2024 - жылдын 20 - декабрында өткөн IV
сессиясынын № 17 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча талапка ылайык иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Ж.Монкоевге жүктөлсүн.
5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн kargalyk.gov.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы Т.И.Токтоболотов
|
|