Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2025-жылдын 24-сентябрындагы №20
«Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” №194 Мыйзамынын талаптарын аткарууга алуу жөнүндө»
Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Ч.Жумабекованын 2025-жылдын 04-сентябрындагы №01-19/2898 чыгыш сандуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” №194 Мыйзамынын талаптарын аткарууга алуу жөнүндөгү кайрылуусун, “мыйзамдуулук, укук тартиби, жер аталышты коргоо экологияны коргоо жана этика” боюнча туруктуу комиссиясынын №2 протоколун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 4- сентябрындагы №253-т тескемеси Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан аткарууга алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” №194 Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгынын негизинде ысырапкорчулукка жол бербөө үчүн Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүндө коомдук эс алуучу жайларда өткөрүлүүчү той, аш сыяктуу мааракелерди өткөрүү убактысына чектөө киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” №194 Мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык төмөнкү убакыт аралыгында үн басымынын жана ызы-чуунун белгиленген денгээлдеринен: жумуш күндөрү саат 22-00 дөн 07-00гө чейин, дем алыш жана майрам күндөрү саат 22-00дөн 09-00гө чейинки убакыттан ашырууга жол берилбесин.
4. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндө” №194 Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Президенттинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгын аткаруу багытында чыгарылган чечимдер боюнча Каныш-Кыя айыл аймагында жашаган тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Ч.Жумабековага , көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук, укук тартиби, жер аталышты коргоо -экологияны коргоо жана этика боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
М.М.Козубаев |